03:49
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Октябрь райондук сотунун төрагасы болуп Дамирбек Назаров дайындалды

Октябрь райондук сотунун төрагасы болуп Дамирбек Назаров дайындалды. Бул тууралуу маалыматты 24.kg агенттигине соттук инстанциянын канцеляриясынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Дамирбек Назаров экс-депутат Карганбек Самаковдун иши боюнча өкүм чыгарганы менен белгилүү. Соттолуучунун тарапташтары Дамирбек Назаровду «жогору жактын тапшырмасын аткарды» деп күнөөлөшкөн эле. Ал бул тууралуу маалымат берген жок.

Соттун мурунку төрагасы Эрнис Чоткараев дайынсыз. Алдын ала алынган маалыматка караганда, ал өлкөдөн чыгып кеткен. Белгилей кетсек, Жогорку сот ага карата соттор кеңешинин дисциплинардык комиссиясына арыз жазган.

Эрнис Чоткараев башка кесиптештери менен сүйлөшүп алып, жол эрежесин бузган айдоочулардан келип түшкөн айып пулду өздөштүрүп алганга айыпталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар