17:38
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Сооронбай Жээнбеков Стамбул шаарында жаңы аэропорттун ачылыш аземине катышты

Президент Сооронбай Жээнбеков Стамбул шаарында Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен Түркия Республикасынын негизделгенин 95 жылдыгына арналган иш чараларга катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сооронбай Жээнбеков башка Мамлекет башчылары менен бирге Стамбул шаарындагы жаңы аэропорттун ачылыш аземине да катышты.

Сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысы ошондой эле Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Ариф Алви менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Эң көп окулган жаңылыктар