Жогорку Кеңеште «Тик-Токту» бөгөттөн чыгаруу кайрадан айтылды
Жогорку Кеңеште кайрадан «Тик-Токту» бөгөттөн чыгарууга чакырышууда. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев бүгүн, 7-октябрда парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп, «Бишкек Арена» ачылды.
«Көптөгөн жарандар, туристтер «Тик-Ток» социалдык тармагына абдан көп контент жайгаштырышты, бирок бизде ал бөгөттөлгөн. Бул тармак аркылуу өлкөнү жарнамалоого болмок жана аны ишкерлер да активдүү колдонушмак.
Учурда «Тик-Токту» бөгөттөн чыгарууга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети гана каршычыгууда. «Тик-Ток» менен улуттук коопсуздуктун кандай байланышы бар экенин мен билбейм. Мен «Тик-Токту» бөгөттөн чыгарууга чакырам», — деп кошумчалады Дастан Бекешев.
Эскерте кетсек, буга чейин УКМКнын демилгеси менен өлкөдө «Тик-Ток» тармагы бөгөттөлгөн болчу.