USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Жогорку Кеңеште Абдыкадыр Орозбековдун 140 жылдыгын белгилөө сунушталды

11:12, 21 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңешттин депутаты Бурул Аманова кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири Абдыкадыр Орозбековдун 140 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде белгилүүнү сунуштады.

Парламенттин жыйынында ал мамлекеттик ишмердин небереси Эльмира Абдыкалыкова кайрылганын билдирди. Үй-бүлө Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү кайда коюлганы ушул күнгө чейин белгисиз экенине өкүнүшөт.

Бурул Аманова мааракени мамлекеттик деңгээлде белгилөө үчүн мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырма берүүнү суранды.

Абдыкадыр Орозбеков 1889-жылы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Охна айылында туулган. Ал 1925-жылдан баштап Кыргыз автономиялуу облусунун, андан кийин Кыргыз АССРинин Борбордук аткаруу комитетин жетектеген. 1937-жылы сталиндик репрессия маалында камакка алынып, 1938-жылдын 28-майында атылып кеткен. 1956-жылы Орозбеков акталган. Анын сөөгү коюлган жер ушул күнгө чейин так аныктала элек

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18