ЖК: Жогорку класстын окуучулары кенже балдарга насыя алууга мажбурлап жатабы?
Мектептерде жогорку класстын окуучулары кенже класстагыларды насыя алууга мажбурлап, ошондой эле физикалык жактан алсызыраак балдарды да кыйнап насыя алдырууда. Бул тууралуу парламенттин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Бурул Аманова мектеп психологдоруна таянып билдирди.
Ал коомдогу зомбулук темасына арналган тегерек столго катышканын айтып берди. Анда мектеп психологу жогорку класстын окуучулары кенже класстагыларды же өзүнүн эле классташтарын насыя алууга мажбурлаган атайын топтор бар экенин маалымдаган.
«Биз ушундай абалга кантип жеттик?» — деп нааразы болду Бурул Аманова.
Улуттук банктын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Мелс Аттокуров мыйзам боюнча каржы мекемелери 18 жашка толо элек адамдарга насыя бере албай турганын эске салды. Ал парламентчиден мектеп, жашы жете элек өспүрүм жана банк тууралуу толугураак маалымат берүүнү суранып, маселени териштирүүгө убада берди.
Комитеттин мүчөлөрү ошондой эле кыргызстандыктар үчүн 21–22 жашка чейин онлайн-насыяларды берүүгө тыюу салууну же аны чектөөнү сунушташты.
Депутат Гүлшаркан Култаева керектөө насыялары бизнес өнүктүрүүгө алынган насыяларга караганда эки эсе көп болуп кеткенин түшүндүрдү. Ошондой эле ал жаштар карызды онлайн кумар оюндарын ойноо үчүн алып жатат деп эсептейт.