USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Бишкек менен Ош шаарларында ири реабилитациялык борбор курулат

14:03, 24 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкек менен Ошто ири реабилитациялык борборлор курулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө депутаттар майыптыгы бар адамдарды колдоо, социалдык контракт жана реабилитациялык борборлорду өнүктүрүү маселелерин да талкуулашты.

Эл өкүлү Гуля Кожокулова аутизм жана майыптыктын башка түрлөрү бар адамдарды социалдаштыруу жана ишке орноштуруу маселесин көтөрдү. Анын айтымында, мындай балдардын ата-энелери алар бойго жеткенден кийин эмне болоруна жана мындан аркы жашоосу, иштөөсү үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр жеткиликтүү болоруна тынчсызданышууда.

Министр көйгөй системалуу мүнөзгө ээ экенин жана ишке орноштурууга гана эмес, диагностикага, билим берүүгө жана реабилитацияга да тиешелүү экенин мойнуна алды. Анын айтымында, министрлик Саламаттык сактоо министрлиги жана Билим берүү министрлиги менен биргеликте ченемдик базаны кайра карап чыгып, ишти системалаштырууга ниеттенүүдө.

Пландарда — Бишкек менен Ошто эки ири реабилитациялык борбор куруу, ошондой эле аймактарда чакан мекемелерди ачуу каралган. Аларда тармактык адистер гана эмес, өзгөчө муктаждыктары бар балдардын ата-энелери да окутулат.

Мындан тышкары, социалдык кластерлерди түзүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Бир аймакта аймактык башкармалык, реабилитациялык жана кризистик борборлор, ошондой эле улгайган адамдарды колдоо кызматтары жайгаштырылышы мүмкүн.

Алмаз Имангазиев министрликке 3 миллиард сомго жакын каражат каралганын, анын бир бөлүгүн тиешелүү инфраструктураны түзүүгө багыттоо пландалып жатканын билдирди. Ошондой эле Талас жана Чүй облустарында, анын ичинде Кара-Балта шаарында реабилитациялык борборлорду куруу долбоорлору иштелип чыгууда.

Депутат Медина Кайрылбекова жеке ассистенттердин эмгек акысына да көңүл бурду. Учурда алар 8 миң 697 сом алышат, бирок анын айтымында, бул сумма майыптыгы бар балага туруктуу кам көрүүгө байланыштуу чыгымдарды жабууга жетишсиз.

Министр 2027-жылдын 1-январынан тарта социалдык төлөмдөрдү жогорулатуу пландалып жатканын билдирди. Жеке ассистенттердин эмгек акысы маселеси да кошумча каралат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18