ЖКда өзгөчө балдардын көйгөйлөрүн изилдөөгө депутаттык комиссия түзүлдү
Жогорку Кеңештин 15-октябрдагы отурумунда аутизм, даун синдромуна жана церебралдык шал илдетине чалдыккан балдардын көйгөйлөрүн жана алардын укуктарынын сакталышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү.
Комиссияны түзүү демилгесин «Ала-Тоо» депутаттык тобу көтөргөн.
Депутат Дастан Бекешев парламенттин жетинчи чакырылышында да ушундай комиссия болгонун айтып, интеллектуалдык жактан бузулуулары бар балдардын маселелерин да изилдөөнү сунуштады. Депутат Нилуфар Алимжанова туюм органдары боюнча майыптыгы бар жарандардын маселелерин да киргизүүнү сунуштады.
Ага депутаттар Медер Чотонов, Мавлюда Калбердиева, Токтобүбү Ашимбаева, Гүлнара Акимбаева, Советбек Рустамбек уулу, Улукбек Карыбек уулу, Айгүл Ахмедова, Жылдыз Садырбаева, Жылдыз Эгенбердиева, Бурул Аманова, Дастан Бекешев жана Махабат Мавлянова кирди.