USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Балага сүйүнчү: Бир күндө «Түндүк» мобилдик кызматы аркылуу 1 миң 29 арыз түштү

13:09, 15 октября 2026, Бишкек - 24.kg

«Түндүк» мобилдик тиркемеси жана «Балага сүйүнчү» жөлөкпулун тариздөө модулу ишке киргизилген биринчи күнү жарандар электрондук форматта арыз берүү мүмкүнчүлүгүнөн жигердүү пайдалана башташты.

Биринчи күндүн жыйынтыгы боюнча «Балага сүйүнчү» жөлөкпулун алууга 1 миң 29 арыз түштү.

Алардын ичинен:

  • 584 арыз (56,8 пайызы) «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу берилди;
  • 445 арыз (43,2 пайызы) Калкты тейлөө борборлору жана Жарандык абалдын актыларын каттоооргандары аркылуу таризделди.

Ошентип, арыз ээлеринин жарымынан көбү жөлөкпулду тариздөөнүн мобилдик форматынан пайдаланышты. Бул ата-энелерге мекемелерге жеке өздөрү барбастан, арызды ыңгайлуу ыкма менен берүүгө мүмкүндүк берген жаңы кызматка болгон суроо-талаптын биринчи көрсөткүчү.

Муну менен катар эле, жөлөкпулду Калкты тейлөө борборлору жана Жарандык абалдын актыларын каттоо органдары аркылуу тариздөө мүмкүнчүлүгү да сакталууда, бул кызматтын бардык жарандар үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18