Сокулуктагы эки мектептин санитардык шарттары жакшыртылды
Сокулук районундагы 2 мектептин инфраструктурасы, билим берүү жана башкаруу системасы толугу менен жаңыланды. 2 миңге жакын окуучу түздөн-түз пайда көрдү.
2025-жылдан тартып Корея менен Кыргызстандын 158 жашы 5 этаптан турган кызматташтыкты ишке ашырды. 2027-жылдын март айында долбоорду расмий аяктоо жана объекттерди өткөрүп берүү пландалууда.
Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) колдоосу менен Халлим университетинин Глобалдык социалдык салым кошуу институту жана «Global Civic Sharing (GCS)» бейөкмөт уюму ишке ашырган «Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы мектептердин санитардык-гигиеналык шарттарын жакшыртуу» долбоорунун эки жылга жакын созулган жериндеги ишмердүүлүгү ийгиликтүү жыйынтыкталды. Долбоор Кыргызстандын Өкмөтүнүн калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо саясатына шайкеш келип, эскирген санитардык объекттерди жаңылоо аркылуу суу аркылуу жугуучу оорулардын коркунучун азайтууга жана айылдык окуучулардын толук кандуу билим алуу укугун камсыздоого багытталды.
2 миңге жакын окуучу пайда көрдү: мектептер үч багытта жаңыланды
Долбоордун максаттуу объекттери болуп Сокулук районунун Гавриловка айылындагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектеп жана Кожомкул айылындагы Төлөгөн Касымбеков атындагы орто мектеп тандалып, 2 миңге жакын окуучу жана мугалимдер жамааты негизги бенефициарлар болушту. Мындан тышкары, КРдин Билим берүү министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Сокулук районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (WFP) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен көп тараптуу кызматташуу түзүлүп, долбоордун институционалдык негизи бекемделди.
Долбоор суу (Water), санитария (Sanitation), жеке гигиена (Hygiene) жана тамактануу (Nutrition) сыяктуу 4 негизги тармакты камтып, үч өзөк боюнча ишке ашырылды:
-Инфраструктура: эки мектепте 15 даараткана жана кол жуу жайы, 8 ичүүчү суу түйүнү, 2 медициналык бөлмө жана 1 мектеп ашканасы жаңыланып, объекттерди пайдалануу жана тейлөө боюнча колдонмо даярдалды.
-Билим берүү: башталгыч класстардын окуучуларынын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык окуу куралдары иштелип чыгып, интерактивдүү сабактар өткөрүлдү.
-Башкаруу: семинарлар аркылуу мугалимдер менен окуучулардан турган «WaSH лидерлер топтору» түзүлүп, мектептерде гигиеналык маданиятты өз алдынча өнүктүрүүгө негиз салынды.
Корея менен Кыргызстандын 158 жаш ыктыярчысы беш этапта кызматташты
Бул жетишкендиктердин өзөгүндө эки өлкөнүн жаштарынын тыгыз кызматташтыгы турду. 2025-жылдан тартып 158 жаш катышуучу — 58 кореялык жана 100гө жакын кыргызстандык волонтер — беш агымдын алкагында этап-этабы менен иш алып барышты. Биринчи этапта базалык изилдөөлөр жүргүзүлсө, экинчи-төртүнчү этаптарда объекттерди оңдоо, гигиеналык лагерлер жана Бүткүл дүйнөлүк кол жуу күнүнө арналган айылдык фестивалдар өткөрүлдү. Бешинчи этапта жыйынтыктар бааланып, КР Саламаттык сактоо министрлигинин өтүнүчү боюнча этек кир гигиенасы тууралуу китепчелер менен видеороликтер таратылды, ошондой эле тейлөөгө жооптуу кызматкерлер окутулуп, волонтерлор кеткенден кийин да мектептердин өз алдынча иштеши үчүн туруктуу база калыптанды.
Долбоорду расмий аяктоо 2027-жылдын март айына пландалууда
Жериндеги ишмердүүлүктүн жыйынтыктоочу бөлүгү катары 6-ноябрда Төлөгөн Касымбеков атындагы мектепте KOIСАнын КРдагы өкүлчүлүгүнүн директору Лим Со Ен айым, эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, WFP кызматкерлери жана 200дөн ашуун мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер катышкан «Жыйынтыктоочу иш-чара» өттү. Катышуучулар долбоордун натыйжасындагы өзгөрүүлөр тууралуу баяндамаларды угуп, окуучулардын кол жуу эрежелерине арналган бий номерине күбө болушту. Иш-чаранын соңунда билим берүү органдары, эки мектептин директорлору жана айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү «WaSH боюнча биргелешкен декларацияга» кол коюшуп, объекттерди күтүү жана гигиеналык билим берүү боюнча милдеттерди бөлүштүрүштү.
Долбоорду расмий түрдө 2027-жылдын март айында аяктоо пландалууда, андан соң жаңыланган объекттерди пайдалануу жана тейлөө жоопкерчилиги мектептерге толугу менен өткөрүлүп берилет. Жергиликтүү мектептердин, өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомчулуктун жоопкерчиликтүү башкаруусунун негизинде эки өлкө жараткан өзгөрүүлөр туруктуу мектептик гигиеналык маданият катары бекем орун алат деп күтүлүүдө.