USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Ысык-Көлдүн тургунунан Кызыл китепке кирген ителги алынды

13:01, 07 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Түп районунун тургунунан Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген сейрек кездешүүчү жырткыч куш алынды. Мыйзамсыз аңчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгондугун Ысык-Көл облустук ИИБси билдирди.

Маалыматка ылайык,1980-жылы туулган жаранды туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери 27-сентябрда Тогуз-Булак айылынын аймагынан аныкташкан. Анын автоунаасынан жырткыч куштарды кармоочу атайын шаймандар жана бир куш табылган.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын маалыматы боюнча, тартып алынган куш ителги болуп чыкты. Бул куш Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген сейрек кездешүүчү жана корголуучу түрү болуп саналат.

Блок YouTube

Жаратылыш ресурстарына келтирилген зыяндын өлчөмү алдын ала 250 миң сом деп бааланган. Милициянын маалыматы боюнча, бул сумма иликтөө учурунда толугу менен өндүрүлгөн.

6-октябрда жаранга карата «Мыйзамсыз уучылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал шектүү катары кармалып, Түп РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери улантылууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18