Бишкекте саат 15.23тө «Ырыс Ордо» конгресс-холлунун чатырындагы түтүн толугу менен жоюлду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын маалыматы боюнча, кырсык тууралуу билдирүү саат 12.36да түшкөн. Окуя болгон жерге эки өрт өчүрүүчү эсеп, эки автошаты, Каатчылык кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу жана штаб барган.
Түтүн имараттын чатырында жылуулоо (изоляция) иштери жүргүзүлүп жатканда чыккан. ӨКМ өрт чыкпаганын тактап кетишти.
Эскерте кетсек, «Ырыс Ордо» мамлекеттик конгресс-холлу 2026-жылы 24-августта Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтанаттуу түрдө ачылган. Комплекс эл аралык саммиттерди, форумдарды жана башка ири иш-чараларды өткөрүүгө багытталган.