USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевге катуу сөгүш берилди

13:51, 11 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевге катуу сөгүш жарыялады. Тиешелүү буйрукка мамлекет башчысы кол койду.

Президенттин администрациясы кабарлагандай, тартиптик жаза министрге жүктөлгөн милдеттерди тийиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн берилген.

ккккккккккккккккккккккккккккккккккк.png

Эске салсак, буга чейин Ала-Арча капчыгайында жоголуп кеткен 14 жаштагы Амир Кунакунов менен болгон кайгылуу окуядан кийин куткаруу кызматтарынын иши коомчулуктун көңүл борборунда калган. Кийинчерээк өспүрүмдүн сөөгү табылган.

Кырсыктан кийин коомчулук өкүлдөрү ӨКМдин ишин сындап, министр Канатбек Чыныбаевдин кызматтан кетишин талап кылышкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18