Бишкектеги «Дордой» базарындагы өрт 1 миң чарчы метр аянтты каптады. Бул тууралуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматы боюнча, жабыркагандар жок. Өрттү өчүрүүгө сегиз өрт өчүрүүчү эсеп жана штаб тартылган. Жумуштар саат 19:41де башталып, өрттү толугу менен саат 01:00дө өчүрүүгө мүмкүн болду.
Өрттүн келип чыгуу себептери азырынча белгисиз.
Эске салсак, буга чейин борбор калаанын ИИББсы 22-октябрда Ибраимов көчөсүндө жайгашкан, люстра сатылган кампада жана контейнерде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөнүн билдирген.
Окуя болгон жерге тергөө-оперативдик топ барды. Аймак курчоого алынып, коомдук тартипти жана коопсуздукту 200дөн ашык милиция кызматкери камсыз кылды. Өрт фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталды. Окуянын чоо-жайы аныкталууда.