Сокулук районундагы мектептеги өрттү төрт машина өчүрүп жатат
Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кожомкул айылынын Горький көчөсүндө жайгашкан мектепте бүгүн өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан 24.kg агенттигине билдиришкендей, саат 11.36да өрттү өчүрүүгө Ленин районунун № 6 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн эки өрт өчүрүүчү эсеп тартылган.
Саат 11.53тө кошумча күч катары Сокулук районунун № 23 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн дагы эки өрт өчүрүүчү эсеп жөнөтүлгөн.
Мындан сырткары, саат 11.58де окуя болгон жерге Каатчылык кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу жөнөтүлгөн.