Агартуу министрлиги: «Кожомкул айылындагы мектептеги өрттөн жабыркагандар жок»
14:02, 29 октября 2026, Бишкек - 24.kg
Чүй облусунун Сокулук районундагы Кожомкул айылындагы мектепте чыккан өрт саат 12.36да толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Агартуу министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ведомствонун маалыматы боюнча, балдар арасында жабыркагандар жок. Өрттүн чыгуу себептери аныкталууда.
Өрт бүгүн түштө чыккан. Окуя болгон жерге төрт өрт өчүрүүчү эсеп тартылган.