USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Япония кыргызстандык 20 аткаминерди окутууга 2,4 миллион доллар бөлөт

11:26, 28 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңешке Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин Япониянын университеттеринде окутууга 381 миллион иена (2,4 миллион доллар) өлчөмүндө грант бөлүү тууралуу Япония менен макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору кароого киргизилди.

Макулдашууга 2026-жылдын 10-июлунда Бишкек шаарында Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосунда кол коюлган.

Маалымкат-негиздемеге ылайык, каражат JDS стипендиялык программасынын алкагында 20 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерди окутууга багытталган. Алардын ичинен 19 адам магистратурада, ал эми 1 адам докторантурада билим ала алат.

Программага катышуу үчүн жаш курак боюнча чектөөлөр каралган: магистратура үчүн 40 жашка чейин жана докторантура үчүн 50 жашка чейин болмокчу. Мындан тышкары, талапкерлердин мамлекеттик же муниципалдык кызматта кем дегенде эки жылдык эмгек стажы болушу керек.

Окутуу Япониянын алдыңкы университеттеринде англис тилинде жүргүзүлөт. Даярдоонун негизги багыттары — мамлекеттик башкаруу, эл аралык мамилелер, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, экономика, айыл чарбасы жана экологиялык саясат.

Тандоо англис тили жана математика боюнча сынактарды, ошондой эле япон жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана программанын башкаруучу комиссиясы менен маектешүүлөрдү камтыйт.

Гранттык каражаттар окутууну уюштурууга, билим берүү кызматтарынын акысын төлөөгө жана стипендияларды төлөп берүүгө багытталат.

JDS программасы Кыргызстанда 2006-жылдан бери иштеп келет. Бул убакыттын ичинде Японияга стипендиаттардын 20 тобу — жалпысынан 347 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер жөнөтүлгөн.

Түшүндүрмө документтерде белгилендей, макулдашууну ратификациялоо республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18