USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Япония Кыргызстанда ракты диагностикалоого кызыкдар

11:26, 27 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан рак ооруларын диагностикалоонун азыркы заманбап япон технологияларын, анын ичинде позитрондук-эмиссиялык жана компьютердик томографияны (ПЭТ-КТ) киргизүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) президенти Акихико Танака менен жолугушууда билдирди.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптар саламаттык сактоо, билим берүү, инфраструктура, туризм жана айыл чарба тармактарындагы эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Төрага Марлен Маматалиев JIСАнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн ачылганына быйыл 25 жыл толгонун белгилеп, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

«Кыргызстан менен Жапониянын алакасы ырааттуу өнүгүп, саясий диалог менен катар ишкердик жана гуманитардык багыттагы байланыштар жигердүү уланууда. Айрыкча JIСАнын колдоосу менен бир катар долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылды», — деди Төрага.

Баарлашуу маалында саламаттык сактоо тармагына өзгөчө көңүл бурулду.

ппролл.png

Төрага Марлен Маматалиев JIСАнын колдоосу менен Бишкек шаарында, Чүй облусунда жана башка аймактарда медициналык жабдууларды жаңылоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди жогору баалап: «Саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да улантуу биз үчүн өзгөчө маанилүү. Калыптанган кызматташтыкты дагы кеңейтип, өлкөбүздүн бардык аймактарын камтууга кызыкдарбыз», — деди Марлен Маматалиев.

Муну менен катар Төрага Кыргызстанда позитрондук-эмиссиялык жана компьютердик томографиянын айкалышкан технологиясын (ПЭТ-КТ) киргизүү маселесин көтөрүп, онкологиялык илдеттерге каршы күрөшүүгө багытталган демилгелерди биргелешип ишке ашырууга чакырды. Айрыкча заманбап медициналык шаарча түзүү долбооруна жапон адистерин жана компанияларын тартууга кызыкдар экендигин билдирди. Жалпысынан зарыл болгон медициналык жабдууларды сатып алууну каржылоо, анын ичинде гранттык колдоо көрсөтүү жана насыя берүү мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле заманбап медициналык технологиялар менен иштей турган адистерди даярдоо маселелери да талкууланды.

Жолугушууда адамдык капиталды өнүктүрүү маселеси да көтөрүлүп, Марлен Маматалиев JDS программасынын алкагында 300дөн ашуун кыргызстандык мамлекеттик кызматкер Жапонияда билим алганын белгилөө менен бул багыттагы кызматташтыкты улантуунун маанилүүлүгүнө токтолду.

«JDS программасынын алкагында кадрларды даярдоо Кыргызстанды өнүктүрүүгө гана эмес, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы узак мөөнөттүү байланыштарды бекемдөөгө да маанилүү салым кошууда», — деди Төрага.

Мындан тышкары, Марлен Маматалиев Кыргызстанда иштеп жаткан жапон ыктыярчыларынын ишмердүүлүгүн, ошондой эле аймактарда чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган «Бир айыл, бир продукт» долбоорунун натыйжаларын да жогору баалап, аталган демилгелерди мындан ары кеңейтүү керектигин белгиледи.

Өз кезегинде Акихико Танака өзү жетектеген агенттик Кыргызстан менен мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп, биздин өлкө уюм үчүн маанилүү өнөктөш мамлекеттердин бири экенин баса белгиледи. Буга кошумча 25 жыл аралыгында калыптанган өнөктөштүктүн артыкчылыктуу багыттарына токтолду.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18