Тааныштары аркылуу жардам берүүнү убада кылган: Өзгөндө шектүү кармалды
Өзгөн районунда бир нече жаранды алдап, ири суммадагы акча каражаттарын жана кыймылсыз мүлктөрүн ээлеп алган деп шектелген жаран кармалды.Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди.
Өзгөн районунун ички иштер бөлүмүнөжарандар арыз менен кайрылган. Маалыматка ылайык, шектүү мамлекеттик органдарда тааныштары бар экенин айтып, ар кандай маселелерди чечүүгө жардам берүүнү убада кылуу менен алардын ишенимине кирип, акча каражаттарын жана кыймылсыз мүлктөрүн ээлеп алган.
Арыздар каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Чогултулган материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, 2026-жылдын15-октябрында кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган И. Р. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга кирзилген. Шектүүнүн баш коргоо чарасы Өзгөн райондук соту тарабынан каралып, 2 айга камакка алуу түрү колдонулган.
Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда кылмыш ишине тиешеси болушу мүмкүн болгон бир нече буюм далил катары алынган.
Ошондой эле жеке кароо учурунда жанынан сактоого уруксат берилген газ-жаракат келтирүүчү тапанчаок-дарылары менен алынган.
Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар, же жок экендигин аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.