USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

«Саясий өңүт жок». ИИМ башчысы Сыймык Жапыкеевдин билдирүүсүнө жооп берди

12:21, 19 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Сыймык Жапыкеевди милицияга алып келүүдө саясий өңүт болбогонун билдирди. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-октябрда саат 02:11де Бишкек шаарындагы Жаманбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жашоочуларынын тынчтыгы бузулганы тууралуу 102 кызматына билдирүү түшкөн.

Блок YouTube

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери Сыймык Жапыкеев достору менен спирт ичимдиктерин ичип, саат 22:00дөн кийин тынчтыкты сактоо боюнча мыйзамдуу талаптарга баш ийбей, ызы-чуу чыгарганын аныкташкан. Андан соң ал Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын Шаардык милиция бөлүмүнө жеткирилген. Учурда окуя боюнча материалдар топтолуп, юридикалык баа берүү үчүн Тергөө кызматына өткөрүлгөн

Улан Ниязбеков окуянын саясий өңүтү жок экенин белгилеп, бардык жагдайлар мыйзам чегинде караларын айтты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18