USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Садыр Жапаров ТүркПАга мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин спикерлерин кабыл алды

14:17, 20 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-октябрда Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясына (ТүркПА) мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин спикерлерин кабыл алды.

Жолугушуу Бишкек шаарында өтүп жаткан ТүркПА кеңешинин 15-пленардык жыйынынын алкагында өттү.

Мамлекет башчысы бул жолугушуу боордош мамлекеттердин ортосундагы достуктун жана өз ара ишенимдин айкын далили экенин айтып, Кыргызстан ТүркПАнын алкагындагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастады.

Ал ассамблеянын ишмердүүлүгү боордош мамлекеттердин ортосундагы байланыштарды чыңдоого жана соода-экономикалык, транспорттук, энергетикалык, санариптик жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталганын белгиледи.

Өз кезегинде парламенттердин спикерлери президент Садыр Жапаровго жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, түрк дүйнөсүнүн биримдигин чыңдоодогу Кыргызстандын маанилүү ролуна токтолушту.

Ошондой эле алар парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүдө, интеграциялык процесстерди колдоодо жана боордош мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүдө ТүркПАнын маанисин баса белгилешти.

Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы байланыштарды мындан ары чыңдоого, ошондой эле түрк элдеринин жалпы баалуулуктарын жана улуттук өзгөчөлүгүн сактоого өзгөчө көңүл бурулду.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18