Ош шаарында жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери автоунааны мас абалында башкарып бараткан айдоочуну кармашты. Бул тууралуу аталган түзүмдүн басма сөз кызматы билдирди.
Наркологиялык бөлүмдө жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен мас экендиги ырасталды. Жаранга карата протокол түзүлүп, автоунаа айып токтотуучу жайга киргизилди.
Милициядан жарандарды ичимдик ичкенден кийин рулга отурбоого чакырышты, анткени бул айдоочулардын өздөрүнүн гана эмес, жол кыймылынын башка катышуучуларынын да өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурат.
Өткөн жумада Кыргызстанда автоунааны мас абалында башкарган 362 айдоочу аныкталган.