USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Ош шаарында дээрлик төрт айдан бери жоголгон өспүрүм изделүүдө

11:44, 13 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында 2010-жылы туулган Умар Умаралиев изделүүдө. Ал 25-июнда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Бул тууралуу шаардык ИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 2026-жылдын 25-июнь күнү саат 18:00 чамасында Ош шаарындагы өзү жашаган М. Маматкаимов атындагы жайгашканүйүнөн чыгып кеткен бойдондайынсыз болуп жаткандыгын апасы 17-августтабилдирген. Апасынын айтканына караганда уулу мурда дагы үйдөн чыгып кетип, бир нече күндөн соң кайрылып келип турган.

это.png

Изделип жаткан Умаралиев Умар Уланбековичтинөзгөчө белгилери: кыргыз улутундагы, азиат түспөлүндөгү, бою болжол менен 160–165 см, салмагы 65–66 кг, кашы-көзү кара, чачы кара түстө.

Кийген кийими: кара түстөгү спорттук кийим, кара түстөгү спорттук шым, көк түстөгү спорттук бут кийим.

Жогоруда көрсөтүлгөн жаранды көргөн же анын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандарданОш ШИИБдин Ак-Буура МБнын нөөмөт бөлүмүнөкабарлоону суранабыз.

Байланыш телефондору: 0322 26-67-37, 0776 06-33-60, 0705 51-54-15

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18