Ош базарында сатуучулар эттин бааларын кантип сактап жатканы текшерилди
Ош базарында сатуучулар эттин белгиленген бааларын кантип сактап жатканы текшерилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, рейдге Ленин административдик району боюнча муниципалдык администрациясынын кызматкерлери, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, Ленин райондук ветеринардык кызматтын өкүлдөрү, ошондой эле Ленин райондук Мамлекеттик салык башкармалыгынын инспекторлору катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө ишкерлер арасында уй жана кой-этинин (сөөксүз эттен тышкары) белгиленген бааларын сактоо, ошондой эле социалдык мааниге ээ башка азык-түлүктөрдүн бааларын негизсиз жогорулатууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бааларга мониторинг жүргүзүү жана мамлекеттик жөнгө салуунун талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө иштери туруктуу негизде улантылат.