Коомдук транспорттун ишин жакшыртуу, жүргүнчүлөрдү ташуунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана борбор калаанын тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Бишкек шаарында № 23 автобус каттамы эки каттамга бөлүндү. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин автобус жарым айланма схема менен каттап келген. Эми оптимизациялоонун алкагында каттам эки өзүнчө багытка бөлүндү.
Мэриядан түшүндүрүшкөндөй, өзгөртүүлөр жүргүнчүлөрдү ташуунун натыйжалуулугун жогорулатууга, коомдук транспорттун ишин жакшыртууга жана шаар тургундары үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Ошол эле учурда билдирүүдө жаңы каттамдарга кандай номерлер берилгени жана автобустар кайсы көчөлөр менен каттай турганы такталган эмес.
Муниципалитеттен кошумчалашкандай, Бишкектин каттам желесин өркүндөтүү боюнча иштер улантылат.