USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Бишкектин Ала-Тоо аянтында жаңы жылдык башкы балаты орнотула баштады

14:25, 10 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысын орнотуу иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, орнотуу иштерин «Тазалык» жана «Бишкекжарык» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери жүргүзүүдө.

Башкы балатынын бийиктиги 32 метрди, диаметри 13 метрди түзөт. Анын металл каркасына 3 миң 800 даана ийне жалбырактуу дарактын бутагы бекитилет.

Борбор калааны жаңы жылдык жасалгалоо иштери декабрь айынын ортосуна чейин уланат

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18