USD87.45EUR96.21RUB1.06
24.kg

Бишкекте 80 орундуу жаңы бала бакча ачылды

15:26, 06 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкектин «Ак-Тилек» конушунда № 80 «Баластан» жаңы бала бакчасы ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Мекеме 80 балага ылайыкталган.

Бала бакча Ак-Шоокум көчөсүндө жайгашкан. Имараттын жалпы аянты — 1 миң 41 чарчы метр.

Ачылыш аземинде борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев имараттарды сарамжалдуу пайдалануунун жана мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, жаңы бала бакчада балдарды ойноо, тарбиялоо жана окутуу үчүн зарыл болгон бардык шарттар каралган.

Айбек Жунушалиев Свердлов районунун башчысына мекеменин жанында унаа токтотуучу жайды уюштуруу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18