USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Орусиядан Кыргызстанга 4,5 миллион сомдук баңгизат ташылып келген

11:33, 26 октября 2026, Бишкек - 24.kg

КыргызстандынИчки иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Орусия Федерациясынан психотроптук заттарды мыйзамсыз алып кирүү каналына бөгөт койду.

Ведомствонун билдиришинче, Орусиянын Ички иштер министрлиги менен биргеликте Бишкек шаарынын аймагында жүктү алып жаткан жеринен 1998-жылы туулган К. Б. Т. аттуу жаран кармалган.

Текшерүү учурунда аба тазалагычтын ичинен 1 килограмм 64 грамм «Альфа-PVP» психотроптук заты табылып алынган.

Блок YouTube

«Аталган жаран төрт ай бою психотроптук заттарды жашыруун катуу ыкмасы менен таратуу менен алектенип келген. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, эгерде алынган партия мыйзамсыз сатыла турган болсо, мыйзамсыз киреше 4 миллион 500 миң сомдон ашмак», — деп белгилешти.

Интернет-дүкөн аркылуу иш алып барган кылмыштуу топтун башка катышуучуларынын өздүгүн аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө чаралары улантылууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18