Өлкөдө бир жумада жол эрежесин бузган 25 миңден ашык учур аныкталды
12:33, 05 октября 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда 25-сентябрдан 1-октябрга чейин жол кыймылынын эрежелерин бузган 25 миң 591 учур аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Анын ичинен:
- тиешелүү документтери жок транспорт каражатын башкаруу — 4 592;
- транспорт каражатын мас абалында башкаруу — 355;
- унаалардын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу — 191;
- жөө жүргүнчүлөр тарабынан жол эрежелерин бузуу — 1 325;
- транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу — 5 241;
- автоээнбаштык — 31;
- белгиленген ылдамдыктан ашыруу — 1 127;
- жасалма мамлекеттик каттоо номердик белгилери менен транспорт каражатын башкаруу — 7;
- жол эрежелерин бузуунун башка түрлөрү — 1 241.
Жол эрежелерин ар кандай бузгандыгы үчүн 2 591 транспорт каражаты убактылуу айып короого киргизилди.