«Мыйзамсыз мигрант»рейдди: Бишкекте 30дан ашык чет өлкөлүк кармалды
Бишкекте «Мыйзамсыз мигрант» («Нелегал») жана «Мото-курьер» рейддеринин жүрүшүндө милицияга 30дан ашык чет өлкөлүк жаран жеткирилди. Алардын ичинен 10дон ашыгы миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылды.
Бишкек шаардык ИИББнин маалыматы боюнча, укук коргоо органдары чет өлкөлүктөрдүн документтерин, алардын Кыргызстанда болуусунун мыйзамдуулугун жана жеткирүүбоюнчажүргүнчүлөрдү ташууда иштөөсүн текшеришти.
Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча 15 административдик протокол түзүлдү. Айып пулдардын жалпы суммасы 200 миң сомдон ашты.
Кээ бир чет өлкөлүк студенттер профилактикалык маектешүүдөн кийин кое-берилди. Алар шаар ичинде жүрүү үчүн мотоциклдерди колдонушкан, бирок курьер катары иштешкен эмес.
Рейддер улантылууда.