USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

МинКаб Бишкекти пландоо жана куруу эрежелеринин аткаруучусун аныктады

10:27, 28 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Министрлер кабинети Бишкек шаарынын жерди пайдалануу жана куруу эрежелеринин, ошондой эле деталдуу пландоо долбоорлорунун аткаруучусун аныктады. Тиешелүү тескемеге Адылбек Касымалиев кол койду.

Документке ылайык, иштеп чыгуучу катары «Перспективалуу шаар куруу илимий-изилдөө институту» ЖЧКсы чыгат.

Борбор калаанын мэриясына аталган компания менен жумуштарды жүргүзүү боюнча келишим түзүү чараларын көрүү тапшырылды.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги муниципалитетке иш-чараларды даярдоодо жана ишке ашырууда, анын ичинде долбоорлоо тапшырмасын даярдоодо көмөк көрсөтүшү керек. Ошондой эле Мамкурулушка чет өлкөнүн лицензиары тарабынан компанияга берилген лицензияны бир тараптуу таануу чараларын көрүү милдети жүктөлөт.

Эскерте кетсек, Перспективалуу шаар куруу илимий-изилдөө институту — бул шаар куруу, аймактык пландоо жана архитектуралык-курулуш долбоорлоо боюнча адистешкен Санкт-Петербургдагы жеке долбоорлоо-изилдөө уюму болуп саналат.

Буга чейин аталган институт Кыргызстандын Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын долбоорун иштеп чыкканы кабарланган.

Шаардын Башкы планы — узак мөөнөттүү өнүгүүнүн стратегиялык документи болуп саналат жана Бишкектин борбор калаалык позициясын чыңдоого, аны Борбордук Азиянын финансылык жана логистикалык борбору катары калыптандырууга, экономиканы диверсификациялоого жана ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүүгө багытталган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18