Кыргызстандыктар жана белорустар бири-биринин жеринде каттоосу жок 30 күн жүрөт
Кыргызстандын жана Беларустун жарандары эки өлкөнүн аймагында келгенден кийин 30 календардык күн ичинде каттоосу жок жүрө алышат.
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети эки мамлекет ортосундагы макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.
Документке 2025-жылдын 29-сентябрында Минск шаарында кол коюлган. Президенттин иш башкаруучусунун орун басары Талантбек Жунушевдин айтымында, келишимди ратификациялоо Кыргызстанда жана Беларуста жарандардын жүрүүсү үчүн бир кыйла ңгайлуу шарттарды түзөт.