Кыргызстанда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду.Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту кабарлайт.
Жер астындагы силкинүү 10-октябрда саат 9.04тө катталганы белгиленет.
Жер титирөөнүн очогу Кыргыз Республикасынын аймагында (Чоң-Алай кырка тоосу): Жар-Башы айылынан түштүк-чыгышка карай 20 чакырым, Ачык-Суу айылынан түштүк-батышка карай 28 чакырым, Ош шаарынан түштүк-батышка карай 143 чакырым аралыкта жайгашкан.
Силкинүүнүн күчү Ачык-Суу, Жар-Башы, Кулчу, Шибээ, Кара-Шыбак, Кызыл-Эшме, Дароот-Коргон айылдарында 3 баллга жеткен.