USD87.45EUR96.21RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда жер титирөө катталды

14:34, 02 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда бүгүн саат 1.20да күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

Адистердин маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Ысык-Көл облусунун аймагында, Жетим-Бел тоо кыркаларынын аймагында жайгашкан.

Жер титирөөнүн очогу Арчалы айылынан 7 чакырым арка-батышта, Узун-Булак айылынан 12 чакырым арка-чыгышта жана Бөкөнбаев райондук борборунан 47 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.

Арчалы айылында силкинүүнүн күчү болжол менен 2 баллды түздү.

Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшкөн жок.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18