USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Кечээ Кыргызстанда төрт жер титирөө катталып, бүгүн дагы бирөө болду

08:12, 20 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Кечээ Кыргызстанда төрт жер титирөө болуп, бүгүн дагы бир жер силкинүү катталды. Мындай маалыматты Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Кечээ күчү 3 баллдан 3,5 баллга чейин жеткен жер алдындагы силкинүүлөр саат 05:02де, 11:56да, 15:20да жана 15:36да катталган. Алар Баткен, Ош жана Нарын облустарында сезилген.

Сейсмологдордун маалыматына караганда, бүгүн саат 02:39да өлкөнүн түштүгүндө күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында — Бор-Дөбө айылынан түштүк-чыгышты карай 7 чакырым, Ош шаарынан түштүк-чыгышты карай 125 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Бор-Дөбө айылында 3 баллды түздү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18