USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Бүгүн Кыргызстанда бир нече жер титирөө катталды

09:19, 04 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Кыргызстанда бир нече жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, саат 03:34тө очогунда күчү 12 балдык MSK-64 шкаласы боюнча 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында, Бор-Дөбө айылынан түштүк-чыгышты көздөй 8 чакырым, Сары-Таш айылынан түштүк-чыгышты көздөй 34 чакырым, Талды-Суу айылынан түштүк-чыгышты көздөй 40 чакырым жана Нура айылынан түштүк-батышты көздөй 53 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү: Бор-Дөбө айылында — 5 балл, Талды-Суу, Сары-Таш, Кара-Киндик айылдарында — 4 баллга жакын, Алча-Булак, Сары-Могол, Нура, Иркештам, Сопу-Коргон айылдарында — 3 баллды түздү.

Саат 03:44тө очогунда күчү 12 балдык MSK-64 шкаласы боюнча 3,5 баллга жеткен дагы бир жер титирөө катталды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргыз Республикасынын аймагында, Бор-Дөбө айылынан түштүк-батышты көздөй 1 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал жерде жер титирөөнүн күчү 3,5 баллды түзгөн.

Саат 04:50дө очогунда күчү 12 балдык MSK-64 шкаласы боюнча 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Очогу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында, Бор-Дөбө айылынан түштүк-чыгышты көздөй 8 чакырым, Сары-Таш айылынан түштүк-чыгышты көздөй 35 чакырым жана Ош шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 127 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү: Бор-Дөбөдө — 4 балл, Талды-Суу, Сары-Таш, Кара-Киндик айылдарында — 3 баллды түздү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18