Кыргыз-тажик чек арасында күчү болжол менен 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирет.
Маалыматка караганда, жердин силкинүүсү 9-ноябрда саат 8:40та катталган.
Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Таджикистандын чек арасында — Бор-Дөбө айылынан түштүк-чыгышты карай 9 чакырым аралыкта жайгашкан.
Бул калктуу конушта жер титирөөнүн күчү 3 баллды түздү.
Эскерте кетсек, кечээ эле саат 5:14тө Бор-Дөбөдөн түштүк-чыгышты карай 5 чакырым аралыкта дагы күчү үч баллга жеткен сейсмикалык активдүүлүк болгон.