USD87.45EUR96.21RUB1.06
24.kg

Балыкчы шаарына жакын жерде түндө жер титирөө болду

08:29, 03 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Балыкчы шаарына жакын жерде түндө күчү 3 баллга жакын жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматында айтылат.

Жер силкинүү түндө, 3-ноябрда саат 00.45те катталган.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында: Кара-Талаа айылынан 5 чакырым чыгышта, Шор-Булак айылынан 9 чакырым түндүк-батышта, Балыкчы шаарынан 28 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Кара-Талаа айылында 2 баллга жеткен.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18