USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жер титиреди

08:14, 19 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргыз-тажик чек арасында таң эрте кайрадан жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргызстан Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту маалымдады.

Күчү 3 баллга жакын жер титирөө бүгүн саат 05:02де катталган.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында: Ормош айылынан батышка карай 7 чакырым, Кыштут айылынан түндүккө карай 10 чакырым, Баткен шаарынан түштүк-чыгышка карай 35 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Кыргызстандын аймагында жер титирөөнүн күчү сезилген жок.

Эске салсак, кечээ таң эрте да эки республиканын чек арасында жер титирөө катталган болчу.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18