Кыргызстанда иштеген чет элдик педагогдордун баары эле салыктан бошотулабы?
Чет элдик окутуучуларды салык төлөөдөн бошотуу демилгеси баарына бирдей тиешелүү болбойт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Алтынбек Кудайбердиев билдирди.
Ал Салык кодексине, «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» жана «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири болуп саналат.
Документке ылайык, чет элдик окутуучулар киреше салыгынан жана камсыздандыруу төгүмдөрүнөн бошотулат. Билдирүүгө караганда, 2025-жылы мамлекет чет элдик окутуучулардан киреше салыгы түрүндө 465,6 миллион сом жана камсыздандыруу төгүмдөрү түрүндө 570,4 миллион сом алган.
Эл өкүлү Улан Примов жалпысынан бюджеттен түшпөй калган сумма 1 миллиард сомдон ашарын белгилеп, бул жергиликтүү мугалимдерге карата адилетсиздик деген пикирин билдирди. Ал салыктан бошотуу үчүн конкреттүү критерийлерди аныктоо керектигин айтты.
«Биз мыйзам долбоорун жазып жатканда, эң биринчи кезекте бюджетке түшпөй кала турган каражаттарга көңүл бурганбыз. Баары эле салыктан бошотулбайт. Чет элдик мугалимдердин көбү жакынкы чет өлкөлөрдөн — Россиядан, Казакстандан келишет. Биз окуу жайлардын муктаждыктарына жараша келген алыскы чет өлкөлүк педагогдорду — тил алып жүрүүчүлөрдү, IT тармагындагы адистерди ж. б. артыкчылыктуу катары белгилегибиз келет», — деди депутат.
Ал эгер мыйзам кабыл алынса, өлкө ичинде сапаттуу билим алууга мүмкүнчүлүктү жогорулатарын кошумчалады, анткени бардык эле ата-энелер балдарын чет өлкөгө окууга жибере алышпайт.