USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда эми «Кызыл китеп» жок. Анын ордуна кадастрдык план болот

09:10, 08 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Жерге болгон «Кызыл китептин» ордун эми QR-коду бар- кадастрдык план алмаштырат. Бул документ аркылуу жер тилкеси жөнүндө бардык маалыматты: аянтын, менчик түрүн, категориясын жана башка мүнөздөмөлөрүн билүүгө болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин директору Эрнисбек Зарнаев билдирди.

Депутаттар аткаминергекыймылсыз мүлктү сатууда «Кызыл китептин» ордуна кадастрдык план алган жарандар өзүлөрүн ишенимсиз сезип жатканын айтышты. Алар «өз жеринин ээси катары сезүү» үчүн мурдагы кагаз түрүндөгү документтерди кайтарып берүүнү суранышууда.

Эрнисбек Зарнаев эл өкүлдөрүнө 2025-жылы жаңы Жер кодексинин кабыл алынышы менен «Кызыл» же «Жашыл китеп» деген сыяктуу түшүнүктөр жоюлганын эскертти. Азыр кадастрдык план колдонулат.

Ошондой эле ал жеке менчик укугу бузулбаганын жана ээсинин карамагында толугу менен сакталарын баса белгиледи.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18