Кыргызстанда бүгүн кайрадан жер титиреди. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирет.
Маалыматка ылайык, күчү 3,5 баллга жеткен жер астындагы силкинүүлөр саат 10:10до катталган.
Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан аймагында, Ат-Ойнок кырка тоосунун районунда жайгашкан: Алмалуу айылынан түштүк-чыгышты көздөй 15 чакырым, Кара-Көл шаарынан түндүк-батышты көздөй 28 чакырым, Токтогул райондук борборунан түштүк-батышты көздөй 42 чакырым жана Кербен шаарынан түндүк-чыгышты көздөй 68 чакырым аралыкта жайгашкан.
Силкинүүнүн күчү Ит-Сай, Алмалуу жана Кырк-Казык айылдарында 2 баллга жеткен.