Кара-Кулжа районунун тургундары чакан ГЭСтердин курулушуна каршы чыгышты
Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Таш жана Сай айылдарынын тургундары эки чакан гидроэлектр станциясынын курулушуна каршы чыгууда. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди.
Анын айтымында, ГЭСтерди Кара-Таш жана Тар дарыяларына куруу каралууда. Жергиликтүү тургундар долбоорлорго нааразылыгын билдирип, эл өкүлдөрүнө кайрылышууда. Алар курулуш жашоосуна жана чарбалык ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизет деп кооптонушат.
«Долбоорлорду кайра карап чыгуу керек. Курулуш башталганга чейин жергиликтүү тургундар менен жолугуп, бардык маселелерди талкуулоо зарыл. Бизге энергия жана инвесторлор керек, бирок бир тараптуу пайданы гана кароого болбойт — элдин да пикирин угуу керек», — деди депутат.
Сүйүнбек Өмүрзаков Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Бектур Зулпиевге кайрылып, кырдаалды жеке көзөмөлүнө алууну суранды. Ал ошондой эле Министрлер кабинетинин өкүлдөрүнүн, көз карандысыз эксперттердин жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда комиссия түзүүнү сунуштады.
Кыргызстан электр энергиясынын тартыштыгы шартында чакан гидроэлектр станцияларынын курулушун катуу жогорулатууда. Минкаб башчысы Адылбек Касымалиевдин маалыматы боюнча, 2026-жылы жалпы кубаттуулугу 1 миң 113,4 мегаватт болгон 17 чакан ГЭСти куруу, ал эми 2027-жылы жалпы кубаттуулугу 203,8 мегаватт болгон дагы 19 станцияны пайдаланууга берүү пландалууда.