Дастан Бекешев мектеп окуучуларынын укуктарын коргоо маселесин көтөрдү
Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында Акыйкатчынын 2025-жылдагы адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин абалы тууралуу баяндамасы учурунда мектеп окуучулары боюнча маселени көтөрдү.
Ал ага мугалимдерге даттанган окуучулар көп кайрыларын белгиледи.
«Алар окуучуларды мектеп формасын кийбей келгени, эркек балдардын чачы узун же, тескерисинче, кыска болгону, чач кыстыргычы туура эмес тагылганы үчүн жана башка себептер менен сабактан кууп чыгышат. Атүгүл кол көтөрүүгө чейин жетүүдө. Мен буга чейин мектептердеги дааратканадарга мониторинг жүргүзүүнү сурангам. Мектеп окуучуларынын укуктары кандай сакталып жатканын дагы бир жолу текшерип койсо жакшы болмок. Социалдык тармактарыңызга кулактандыруу бериңиздер, балдар сизге баарын өздөрү айтып беришет. Мындай учурлар абдан көп. Бала башкача кийинип келсе, аны сабактан кууп чыгууга эч кимдин укугу жок да, туурабы?» — деп сурады депутат.
Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова мугалимдердин окуучуларды сабактан кууп чыгууга укугу жок экенин ырастап, кеп балдардын коопсуздугу жөнүндө болуп жатканын кошумчалады: «Эгер окуучу сабакта болбосо, педагог ага эмне болуп жатканын көзөмөлдөй албайт», -деди ал
Бекешев жооптуу органдардан мектеп окуучуларынын укуктарынын корголушун көзөмөлдөөнү суранды. Ал бул чынында эле чоң көйгөй экенин белгилеп, укуктарынын бузулушуна байланыштуу окуучулар нааразычылык акцияларына чыга баштаган Францияны мисалга келтирди.
«Бизде да ушундай болушун каалабайт элек», — деп жыйынтыктады эл өкүлү.