Бишкекте 19-20-октябрда Түрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясынын жыйындары өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстанга Түркиянын, Казакстандын жана Азербайжандын парламенттеринин жетекчилери баштаган депутаттар, ошондой эле байкоочу өлкөлөрдүн делегациялары келет.
19-октябрда ТүркПАнын Аял парламентарийлер форуму жана Жаш парламентарийлер форуму башталат.
20-октябрда ТүркПАнын парламент башчыларынын кеңеши, ошондой эле XV пленардык жыйыны өтөт.
Түрк мамлекеттерин парламент ассамблеясынын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.