USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Бишкектеги Панфилов атындагы сейил багында жаңы амфитеатр ачылды

11:41, 14 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда Панфилов атындагы паркта жаңы амфитеатрдын ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Ачылыш аземинде борбор калаанын мэри мындай коомдук мейкиндиктерди түзүү шаарды көрктөндүрүү менен гана чектелбестен, шаар тургундарынын руханий өнүгүүсүнө, маданий салттарды сактоого жана борбор калаанын тургундары менен конокторунун эс алуусун уюштурууга да багытталганын белгиледи.

«Биздин милдет — көчөлөрдү өнүктүрүүгө, мектептерди жана инфраструктураны курууга гана эмес, шаар тургундарынын руханий өнүгүүсүнө да көңүл буруу. Биз борбор калаанын тургундары менен коноктору бул жерге келип, эс алып, музыкадан жана маданий иш-чаралардан ырахат алышын каалайбыз», — деди Айбек Джунушалиев.

Ошондой эле ал буга чейин паркта музыкалык жана бий иш-чаралары өткөрүлүп, алар көптөгөн шаар тургундарынын эсинде жылуу эскерүүлөрдү калтырганын белгиледи. Амфитеатрдын ачылышы ошол салттарды кайра жандандырууга жана кийинки муундарга өткөрүп берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Мындан ары ар жума жана ишемби күндөрү бул аянтчада Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган артисттердин, элдик өнөрпоздордун чыгармаларыжана ар кандай концерттик программалар өткөрүлүп турат. Ал эми калган күндөрү амфитеатр коомдук жана маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн пайдаланылат.

Жаңы амфитеатр ар кандай муундагы шаар тургундарын бириктирген маданий баарлашуу, эс алуу жана иш-чараларды өткөрүү үчүн ачык мейкиндикке айланат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18