USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Бишкектеги массалык жол кырсыгынан эки адам жабыркады

08:44, 16 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкекте 15-октябрга караган кечинде болгон массалык жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында эки адам жабыркады. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Тез медициналык жардам борборунан билдиришти.

Медицина кызматкерлеринин маалыматы боюнча, чакыруу саат 20:36да түшкөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 33 жаштагы эркек киши жана 9 жаштагы бала жабыркаган.

Чоң кишинин башы жабыркап (баш сөөктүн жабык травмасы) жана төбө чети жырылган. Ал эми балада баш сөөктүн жабык жаракаты болуп, мээси чайкалган же сокку жеген деген шектенүү бар.

Жабыркаган эркек киши Улуттук госпиталга, ал эми бала Шаардык балдардын клиникалык тез медициналык жардам ооруканасына (травматология бөлүмүнө) жеткирилди.

Күбөлөрдүн айтымында, кечээ кечинде Лермонтов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде алты автоунаа жана № 38 автобус кагышкан. Натыйжада унаалардын бири аңга (жол жээгиндеги чуңкурга) түшүп кеткен. Жеринде өрт өчүрүүчүлөр бригадасы жана тез жардам кызматы иштеди.

Күбөлөр автобустун айдоочусу алкоголдук мас абалында болгонун белгилешүүдө. Бул маалыматка азырынча расмий тастыктоо боло элек.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18