USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Бишкектеги Ботаникалык бакчага эмки жазда беш миң түп дарак отургузулат

10:50, 30 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Ботаникалык бакчага 2027-жылдын май айынын аягына чейин беш миң түп дарак отургузуу пландалууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Улуттук илимдер академиясынын «Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бак» илим-издөө институтунун директору Нурлан Албанов билдирди.

Анын айтымында, отургузуу планы менен схемасы даярдалып, көмөкчү чарбалар жумушту баштады.

«Негизинен бул биздин климатка ылайыкташкан өсүмдүктөр. Ата мекендик питомниктер менен кызматташабыз», — деди Нурлан Албанов.

Ал ошондой эле бакты реконструкциялоо учурунда бадалдардын инвазивдүү сорттору жулунганын белгиледи.

«Кандай мелде багы жыш токойго айлантып жиберген, өзүбүз аралап өтө албай калганбыз. Андан арылып, аймакты тазалап жатабыз, ал эми элге бардык дарактарды жулуп жаткандай көрүнүүдө. Бул андай эмес. Түп тамырынан бери биригип кеткендиктен, балким айрымдары кошо жулунуп кеткендир — мелде багы өзү гана өспөстөн, башка өсүмдүктөрдү «муунтуп», азыктандырууну тартып алат, анын айынан жакын жайгашкан дарактар куурап, жок болот», — деп түшүндүрдү Нурлан Албанов.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18