USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Бишкекте уурдалган Mercedes Жалал-Абад облусунан табылды

14:08, 09 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Mercedes-Benz E 210 үлгүسүндөгү автоунааны уурдоого шектелген эки эркек киши кармалды. Кийинчерээк унаа Жалал-Абад облусунун аймагынан табылган.

Биринчи май райондук ИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 26-сентябрда милицияга Ш. Э. аттуу жаран кайрылган. Ал мурунку күнү саат 23:00 чамасында белгисиз адамдар Васильев көчөсүндө токтотулуп турган анын автоунаасын мыйзамсыз ээлеп кетишкенин билдирген.

Факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси («Автомототранспорт каражатын айдап качуу») боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция 1997-жылы туулган Т. Б. жана М. А. аттуу эки шектүү жаранды аныктап, кармаган.

Алар Биринчи май райондук ИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, андан соң Бишкек шаардык ИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө учурунда уурдалган автоунаа Жалал-Абад облусунун аймагынан табылган. Унаа алынып, кылмыш ишинин материалдарына буюмдай далил катары тиркелди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18