Бишкек менен Алматы шаардык көйгөйлөрдү биргелешип чечүүнү макулдашты
Бишкек менен Алматы транспорт, шаар куруу, санариптештирүү жана турак жай-коммуналдык чарба тармактарында кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатышат. 2026-2030-жылдарга карата иш-чаралардын планына Кыргызстандын борбор калаасынын мэриясы жана Алматы акимчилиги кол коюшту.
Муниципалитеттен билдиришкендей, документке 30-октябрда Кыргызстан менен Казакстандын экинчи аймак аралык кызматташуу форумунун алкагында кол коюлду.

Документ эки шаардын боордоштук мамилелерин мындан ары чыңдоого жана практикалык кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган. Планда соода-экономикалык, инвестициялык, илимий-техникалык жана гуманитардык багыттарда биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу, муниципалдык башкаруу, архитектура, шаар куруу, транспорт, санариптештирүү жана турак жай-коммуналдык чарба тармактарында тажрыйба алмашуу каралган.
Ошондой эле маданий, билим берүү, жаштар жана спорт багыттарындагы байланыштарды өнүктүрүүгө, шаардык чөйрөгө заманбап чечимдерди жана алдыңкы тажрыйбаларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Иш-чаралар планын ишке ашыруу эки тараптуу кызматташтыкты жандандырууга, шаардык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, шаардык чөйрөнүн сапатын жакшыртууга жана Бишкек менен Алматынын туруктуу өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болот.