USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

«Бишкек жашыл чарба» ишканасы көчөттөрдү сатып алууга тендер жарыялады

14:01, 02 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

«Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы жалпы суммасы 202 миллион 198 миң сомго бак-дарактардын жана бадалдардын көчөттөрүн сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылды.

Документтерге ылайык, сатып алуу үч лотко бөлүнгөн.

Эң кымбаты — жалпы суммасы 186 миллион 900 миң сомго 44,5 миң даана чыгыш чынарынын (чынар терек/платан) көчөттөрүн сатып алуу. Ошентип, бир дарактын болжолдуу баасы 4 миң 200 сомду түзөт.

Катальпа бигнониевидная көчөттөрүн сатып алууга дагы 2 миллион 100 миң сом, ал эми түрдүү бадалдарга — 13 миллион 198 миң сом каралган.

Сатып алуунун жалпы суммасынын дээрлик 92,4 пайызыправо дал ушул чынар теректерге туура келет.

Жеткирүүчүлөргө бир топ катаал талаптар коюлууда. Талаптарга ылайык, тендердин катышуучулары отургузулуучу материалдын сапатына жана жерсинип кетишине кепилдик бериши, ошондой эле кошумча төлөмсүз жалпы көлөмдүн 10 пайызынан кем эмес өлчөмдө кошумча көчөт менен камсыз кылышы керек.

Кепилдик мөөнөтү кабыл алуу- өткөрүү актысына кол коюлгандан кийин кеминде 12 айды түзүшү зарыл.

Мындан тышкары, потенциалдуу жеткирүүчү муниципалдык ишкананын адистерине дарактарды алар өстүрүлгөн жерден түздөн-түз кароо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга жана отургузулуучу материалдын сүрөт же видеосун сунуштоого милдеттүү.

Катышуучулардан акыркы үч жылда кем эмес 20 миллион сом суммасындагы окшош келишимдерди аткаруу тажрыйбасын ырастоо да талап кылынат.

Тендердин шарттарына ылайык, көчөттөрдү 2026-жылдын 25-ноябрына чейин жеткирүү зарыл.

Билдирмелерин кабыл алуу 9-ноябрда аяктайт.

Чыгыш чынары (чынар терек) — жазы шактуу чоң жалбырактуу дарак. Ал шаар көчөлөрүн, парктарды жана коомдук мейкиндиктерди жашылдандыруу үчүн колдонулат.

Ошол эле учурда жарыяланган сатып алуунун негизги маалыматтарында сатылып алынган дарактар Бишкектин дал кайсы көчөлөрүнө жана аймактарына отургузулары көрсөтүлгөн эмес.

Белгилей кетсек, 202 миллион 198 миң сом — иш жүзүндө сарпталган каражат эмес, тендердин баштапкы баасы болуп саналат. Түпкү сумма сатып алуунун жыйынтыгы боюнча белгилүү болот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18